Сырттан оор жүк ташып келген 32 айдоочудан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 19-майдагы онлайн брифингде билдирди.
“19-марттан 15-майга чейинки аралыкта сырттан оор жүк ташыган 17 432 унаа кирген. Бүгүнкү күнгө карата сырттан жүк ташып келген 32 айдочудан коронавирус илдети табылды. Статистиканы карасак илдетти жуктурган айдоочулардын баары жакынкы күндөрдө аныкталган. Өлкөгө кирген ар бир айдоочулардан ПЧР тест аркылуу анализдери алынып, алардан инфекция аныкталбаса гана санитардык эрежелерди сактоо менен иштерин уланта алышат”, - деди Боронов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн