Кулжа 29, 2024
Убакыт: 09:22
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Оор жүк ташуучу унаа жеңил унаанын номери аркылуу посттон өтүүгө аракет кылган

10.04.2023 17:24
367
Оор жүк ташуучу унаа жеңил унаанын номери аркылуу посттон өтүүгө аракет кылган

“DAF” маркасындагы оор жүк ташуучу автоунаа каражаты, мамлекеттик номери “01KG302ABG” “Хайландер” автоунаа үлгүсүндөгү номерин тагып алып, өтүүгө аракеттенген. 


Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын «Тоннелдерди пайдалануу, оңдоо жана күтүү кызматы» билдиргендей, 5-апрель күнү Бишкек - Ош унаа жолунун 396 км жайгашкан Кара-Көл тоннель кызматында Ош облусунан Бишкек шаары көздөй кетип бара жаткан “DAF” маркасындагы оор жүк ташуучу автоунаа каражаты, мамлекеттик номери “01KG302ABG” “Хайландер” автоунаа үлгүсүндөгү номерин тагып алып, өтүүгө аракеттенген. Бирок, тоннель кызматынын жетекчиси Данияр Кыдырбаев автоунаанын айдоочусун Т.М.А. кармап калган.


Негизи, автоунаа Россия Федерациясынын каттоосунда турганы жана мамлекеттик номери “К698УС777RUS” экени аныкталган. Бул жаран, мыйзамдын негизинде инострандык оор жүк ташуучу унааларга бекитилген “5200 сом” бааны төлөгөндөн качып, Кыргызстанда катталган башка унаанын мамлекеттик номерин мыйзамсыз тагып алып, “275 сом” төлөгөнгө аракет жасаган.


Ошол эле учурда, ЖККК кызматкерлерине кабар берилип, алар мыйзамдын негизинде 20 000 сом айып пул салышкан. Ошондой эле, токтомдо бекитилген “5200 сом” тоннель кызматына төлөнгөн.


Ушул эле көрүнүш ушул жылдын 7 апрель күнү кайталанган. А.Б.Э. жараны Польша мамлекетине таандык “Volvo” автоунаасы мамлекеттик номерин “PL33437” чечип, КР катталган Мерседес вито үлгүсүндөгү автоунаанын мамлекеттик “04KG565ABF” номерин тагып өтүүгө аракеттенген. 


Жыйынтыгында, токтомдо бекитилген “5200 сом” тоннель кызматына жана 20 000 сом айып пул төлөгөн.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн