Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:17
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Оору менен өлүм жашоону баалаганга үйрөтөт

26.06.2024 14:11
205
Оору менен өлүм жашоону баалаганга үйрөтөт


Көп оорулардын себеби адамдын мээсинде.

(Гиппократ)


Ишеним жана эрктин күчү менен ар кандай ооруну жеңсе болот.

(Парацельс)


Ар кандай оору – бул сыноо.

(Михаил Гуцериев)


Алланы көп эстегиле, анткени бул айыктырат. Адамдарды азыраак эстегиле, анткени бул оорутат.

(Умар ибн аль-Хаттаб)


Эмне жегениңди айтсаң, мен сенин эмне менен ооруруңду айтып берем. 

(Гиппократ)


Жакшы врач оорудан куткара албаса да жок дегенде жаман врачтан куткарат.

(Жан Поль Рихтер) 


Кээ бир ооруларды дарылабаш керек, себеби, алар бизди коркунучтуурак оорулардан сактап турат.

(Марсель Пруст)


Кээ бир дарылар оорунун өзүнө караганда да коркунучтуу.

(Улук Сенека)


Эң жаман кесел – бул өзүңдүн ооруңа көз каранды болуп калуу.

(Луций Анней Сенека)


Көп ооруган киши өзү дарыгер болуп калат.

(Кытай накылы)


Оору менен өлүм жашоону баалаганга үйрөтөт.

(Эльчин Сафарли)


Ооруп көрбөгөн киши ден соолугун барктабайт.

(Башкыр накылы)


“Айыгам” деген киши сөзсүз айыгат.

(Д.Боккачо)


Элүү жашка чыксаң да эч жериң оорубаса, анда сен эчак өлгөн экенсиң.

(Англис накылы)


Жашоо – ден соолук үчүн коркунучтуу. Жашаган киши өлөт.

(Станислав Ежи Лец)


Жакшы бол – ошондо айыгып кетесиң.

(Георг Энрих)


Көп кишилер куник болсо деле ден соолугу чың, бирок ден соолугу жок болсо, эч ким сулуу боло албайт.

(Лоренцо Валла)


Сен жеген ар бир тамак дары болушу керек.

(Гиппократ)


Өмүрүңдү узарткың келсе, тамактанганды азайт.

(Бенджамин Франклин)


Дары ооруга салыштырмалуу жайыраак таасир этет.

(Тацит)


Оорунун баары биздин мугалимдерибиз. 

(Луиза Хэй)


Ооруш үчүн аттыкындай ден соолугуң болуш керек.

(Леонид Купцов)


Оору менен өлүм дайыма биз түбөлүк жашабасыбызды эсибизге салып турат.

(Ракеш Чадана)


Кусалыктан өткөн жаман оору жок.

(Фаина Раневская)


Ар ким өз оорусун өзү жаратат.

(Валерий Синельников)


Оору адамга токтоп, ойлонуп, туура, же туура эмес баратканын аңдасын үчүн берилет.

(Михаил Литвак)


Адам ар кандай илдетти жеңе алат.

(Валентин Дикуль


Сүйгөн адамыңдын бир эле сөзү сени ар кандай врачтын дарысына караганда бат айыктырат, же ар кандай башкесердин кылычына караганда бат өлтүрөт.

(Аль Пачино)


Айыкпай турган оору пайдасы жок дарыларды талап кылат.

(Англис накылы)


Өлүмгө моюн сунган киши узак жашайт.

(Рефат Шакир-Алиев)


Оору – бул биз алган жыргалга төлөнчү пайыздар.

(Англис накылы)


Ооруган киши алтын керебетке да жаткысы келбейт.

(Орус накылы)


Өлгөндөн эмес, ооругандан коркуш керек.

(Корей накылы)


Оору бизге атчан келип, жөө-жалаңдап кетет.

(Англис накылы)


Шыпаагер канчалык көп болсо, оору ошончолук көп болот.

(Орус накылы)


Бир жолу жеңил өлгөнгө караганда, он жолу катуу ооруган жакшы.

(Белгисиз автор)


Мамат Сабыров 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн