Бугу 20, 2024
Убакыт: 00:40
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Оорудум деген кылмышкерди сот калкалап жатат

17.12.2020 18:05
2008
Оорудум деген кылмышкерди сот калкалап жатат


Ошто 2010-жылы 12.5 миң адамга Кең-Сай массивинен жер берилген. Ал массивге жол куруу үчүн 2014-жылы СуТранспромжилстрой деген фирмага 179 млн сом төлөнгөн.

Андан берки 6 жыл ичинде кыйраткан жол курулган эмес. Финпол ошол жолдун курулушунан 12 млн сом желинип кетти деп Кулбак Атабеков аттуу, Коля деген каймана аттуу эсеп палатасынын аудитин тээ Чаткалдагы курулуштарды текшерип жүргөн жеринен кармап келди.

Коля Атабеков кармалгандан кийин кызылдай оорукчан болуп чыга келди. Дарттын баарын бир өзүнө батырып алып жүргөн имиш.

Оштун даарыгерлери кокуй Коля өлүп калат деп үйрүлүп түшүштү. Ош шаардык соту он күн ооруканада даарылансын деп, биринчи токтомун чыгарган. Ал он күн өттү. Коля даарыланып жатты.

Эми Ош шаарынын дагы бир соту кокуй ал киши өлүп калса кантебиз деп, азыр үй камагына чыгарды.

Анан мен сотко кирдим. Атабековдон "Канча пара алдыңыз эле?", - деп сурадым. "Бул жер сот", - деди.

Кыскасы, 12.5 миң адамды 6 жылдан бери зарыктырган иштин каармандары жылуу үйдө май чайнап отурушат.

Ыдырыс Исаков, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн