Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 15:31
USD
84.85
85.35
EUR
92.60
93.60
RUB
0.875
0.920

Оорукана жетекчилерине жеке клиникада иштөөгө тыюу салууну ЖК комитети колдоду

07.10.2024 13:04
14
Оорукана жетекчилерине жеке клиникада иштөөгө тыюу салууну ЖК комитети колдоду


Парламенттин социалдык саясат боюнча комитети оорукана жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салган мыйзамды колдоп берди.


Мындай чара дарыгерлердин башка жумушка алаксыбай клиникаларда иштөөдөн пайда табууга кызыкдар болбошу үчүн кабыл алынууда.


Саламаттык сактоо министринин орун басары учурда оорукана жетекчилеринин айлыгы орто эсеп менен 20-25 миң сом экенин билдирди. Депутат Элдар Абакировдун айтымында, бул — чоң көйгөй.


"20-25 миңге нормалдуу адис иштебейт. Мыйзам туура эле, кызыкчылыктардын кагылышуусу деген жаман нерсе. Алар деле мүмкүн бейтаптарды байкап туруп өзүнүн клиникасына буруп кетет. Мамлекеттик ооруканалардын жетекчилеринин айлыгын жакшыраак кылып көтөрүп туруп ушул мыйзамды киргизсек, ошондо жакшы иштейт деп ойлойм. Болбосо азыр кесипкөй адистин баары кетип калат же чоң коррупция болот", — деди эл өкүлү.


Кыргызстанда ушу тапта жалпысынын 193 мамлекеттик оорукана бар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн