Кара-Балта шаарынын тургуну жөө жүргүнчүнү сүзүп кетүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
16-майда таңкы саат 5тер чамасында "Дэу" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 50 жаштагы жаранды сүзүп кеткен. Жабырлануучу оорукана жеткирилген, бирок эсине келбей каза болгон.
Жол көзөмөлдөө кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармаган. Ал 1996-жылы туулган. А.уулу Э.болуп чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн