Бугу 18, 2024
Убакыт: 18:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ооруканаларда 658 бейтап коронавирустан дарыланууда

26.09.2020 10:27
909
Ооруканаларда 658 бейтап коронавирустан дарыланууда

Кыргызстанда өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. 


Маалыматка караганда, учурда стационарларда 658 бейтап, ал эми 1619 бейтап амбулатордук дарылануудан өтүп жатат. Акыркы эки жумадан бери өлкөдө коронавирустан каза болгондор каттала элек. 


Кыргызстан пандемия башталгандан бери коронавирустан жалпы 1063 адам каза болду.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн