Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:53
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ооруканалардагы кезектер коркуу сезимин пайда кылып жатат, - Кубатбек Боронов

02.07.2020 08:35
1156
Ооруканалардагы кезектер коркуу сезимин пайда кылып жатат, - Кубатбек Боронов


COVID-19га чалдыккандар үчүн ооруканалардагы орундарды көбөйтүү иштери күнүгө жүргүзүлөт. Мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында берди. 

«Калк арасында терс маанай жараткан жана дүрбөлөң түшүргөн такталбаган маалыматтар өтө ыкчам тарап жатат. Ооба, белгилүү бир кыйынчылыктар бар. Алсак, бейтаптар үчүн орундар ыкчам толуп калууда. Ооруканалардагы кезектер коркуу сезимин пайда кылып жатат. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн биз жана дарыгерлер бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз», - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күнү И.Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин жатаканаларында 500дөн ашуун орун бар. 

«Бүгүнкү күндө актуалдуу маселелердин бири – бул дары-дармектердин баасы. Көптөгөн дарыканалар суроо-талап жогору дары каражаттарынын бааларын кескин көтөрүп жиберишти. Буга жол берилбеши керек. Бааны негизсиз көтөргөндөрдүн баары мыйзам чегинде жоопко тартылат. Азыр адамдардын башына түшкөн кыйынчылыктан пайда издебей, жардам бере турган учур», - деп баса белгиледи премьер-министр.

Ал тиешелүү мамлекеттик органдарга фармацевтикалык базардагы абалды көзөмөлдөөнү тапшырды. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн