Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ооруканалардын ишинин мониторинги боюнча ар бир жетекчиге персоналдык баа берилет, - Өкмөт

15.07.2020 08:43
1045
Ооруканалардын ишинин мониторинги боюнча ар бир жетекчиге персоналдык баа берилет, - Өкмөт


Коронавирус инфекциясына каршы күрөшкө тартылган ар бир жетекчинин ишине персоналдык баа берилет. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, ал күн сайын бардык медициналык мекемелердин ишинин мониторинги боюнча маалыматты алып турат, анын жыйынтыгы боюнча персоналдык баа берилет.

Күнү-түнү оору менен алпурушкан дарыгерлерге оордук келүүдө. Ошондуктан тажрыйбалуу врачтарды ар-бир оорулууга туура көңүл бөлүнүшү үчүн медициналык мекемелерге бөлүштүрүү керек. Эгерде бир ооруканада орун жок болсо, оорулууну бош орун болгон жерге багыттоо керек. Түзүлгөн кырдаалда бардык ооруканалардын жана стационарлардын координациясы жана өз-ара байланышы абдан маанилүү, - деп белгиледи премьер-министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн