Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 09:07
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ооруну жуктурган дарыгерлерге берилүүчү компенсациянын суммасы такталууда

07.04.2020 09:57
1018
Ооруну жуктурган дарыгерлерге берилүүчү компенсациянын суммасы такталууда


Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин саны 19га жетти. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүн, 7-апрелде онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурда алардын абалы туруктуу. Дарылоо процедуралары жүрүп жатат. Буга чейин 2-апрелде 3 дарыгер, 4-апрель күнү 9 дарыгер, 7-апрелде дагы 7 дарыгер ооруну жуктуруп алганы белгилүү болду.

Алардын бул илдетти жуктуруп алуусуна коргонуу кийимдеринин сапатсыздыгы себеп деп күмөн саноого болбойт. Ал үчүн эпидемиалык изилдөө жүргүзүү керек. Бул анча-мынча эрежелерди туура сактабагандан болуп жатышы мүмкүн. Ошондуктан бул оорунун козголушуна дуушар болушту”, - деди министр.

Ал белгилегендей, кечээ, 6-апрелде вице-премьер-министр жана каржы министри менен биргеликте ооруну жуктуруп алган дарыгерлерге компенсация төлөп берүү тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Аларга канча суммадан бөлүнөт, өлүмгө дуушар болсо канча сом компенсация берилет, мунун бары комиссия менен биргеликте такталып, жакынкы убакта Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгабыз. Ошого жараша компенсацияларын беребиз”, - деди С.Абдикаримов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн