Бугу 05, 2024
Убакыт: 19:26
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Опера жана балет театрына Керим Тураповдун ордуна жаңы жетекчи дайындалды

09.02.2022 17:41
2439
Опера жана балет театрына Керим Тураповдун ордуна жаңы жетекчи дайындалды

Кыргыз Республикасынын министерлер кабинетинин буйругуна ылайык, Алмазбек Истамбаев А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, жаңы дайындалган жетекчини эмгек жамаатка маданият министри Азамат Жаманкулов тааныштырды.


Азамат Жаманкулов тааныштыруу учурунда жаңы дайындалган жетекчинин алдына бир катар талаптар коюлгандыгын белгилеп, анын ичинде жаңы спекталдери алып чыгуу, театрдагы менеджерлик ишти алдыга жылдыруу жана эмгек жамаатта туруктуу чыгарамачыл атмосфераны тузүү тапшырмасы коюлуп жатканын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн