Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 12:41
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Операция жасалат. ТИМ Санкт-Петербургда бала бакчанын чатырынан кулап түшкөн жаран боюнча маалымат берди

14.01.2022 08:36
692
Операция жасалат. ТИМ Санкт-Петербургда бала бакчанын чатырынан кулап түшкөн жаран боюнча маалымат берди

Россиянын Санкт-Петербург шаарында бала бакчанын чатырынан кулады делген өспүрүмдүн абалы оор. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Санкт-Петербургдагы бөлүмүнүн маалыматына таянып билдирди.


Маалыматка ылайык, 2004-жылы туулган Б.Ж.Б аттуу кыргызстандык жаран көптөгөн жаракаттар менен оор абалда Санкт Петербург шаарындагы К.А. Раухфус атындагы Балдар шаардык жогорку медициналык технологиялардын көп тармактуу клиникалык борборунун жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.


“Дарылап жаткан дарыгердин айтымында, эмки жумада өспүрүмдүн жамбаш сөөгүнө операция жасоо пландалууда”, - деп айтылат билдирүүдө.


Учурда Кыргызстандын элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы бөлүмү тарабынан жашы жете элек кыргыз жаранынын чатырдан кулашы жана ал жакка кандайча барганы тууралуу жагдайлар иликтенүүдө.


Ошондой эле элчиликтин өкүлдөрү жабырлануучунун бир тууганы агасы, ошондой эле Санкт-Петербургдун компетенттүү органдары менен дайым байланышта болууда.


Эскерте кетсек, буга чейин россиялык ЖМКлар Санкт-Петербургда кечээ, 12-январда “Проект-ЭКО” ишканасынын 17 жаштагы кыргызстандык жумушчусу Седова көчөсүндө жайгашкан бала бакчанын чатырынан кулап түшкөндүгүн жана жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилгендигин жазышкан.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн