Бугу 14, 2024
Убакыт: 07:49
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Оптимисттик маанай мунайдын баасын көтөрдү

19.06.2020 14:43
966
Оптимисттик маанай мунайдын баасын көтөрдү


ОПЕКтин мунай өндүрүү кыскарат деген оптимисттик маанайынан улам бүгүн, 19-июнда дүйнөлүк рынокто кара алтындын баасы акырындап көтөрүлө баштады. Лондондун ICE Futures биржасында Brent маркасындагы мунайдын баррели 41,85 долларга бааланды, бул мурдагы соодалашууларга салыштырмалуу 0,34 долларга жогору. Кечээ, бейшембиде контрактарда көрсөтүлгөн баа баррелине 41,51 долларга чейин жеткен болчу, деп маалымдады Интерфакс.ру.


Ал эми Нью-Йорк биржасындагы электрондук соодалашуулардын жыйынтыгында WTI маркасындагы мунайдын баррели 39,16 долларга жетип токтоду. Бир күн мурда баррелдин баасы 38,84 долларды түзгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн