Бугу 13, 2024
Убакыт: 17:00
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Опузалап акча тоо талап кылган "Малик" аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

08.10.2021 09:34
778
Опузалап акча тоо талап кылган "Малик" аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды


 УКМК Базар-Коргон РИИБ кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө опузалап талап кылуу фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү “Ж.А.Э.”кармалды.  Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.


 “Ж.А.Э.” (каймана аты “Малик”) зомбулук колдоном деп коркутуу жана шантаж кылуу аракети менен жеке ишкерден 80 миң сом, ошондой эле алтын буюмдарын жана уюлдук телефонун опузалап талап кылып тартып алгандыгы аныкталды. Жабырлануучуга келтирилген зыяндын жалпы суммасы 100 миң сомду түзөт.


 Ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө “Ж.А.Э.” опузулап талап кылып жаткан жеринен кармалды. 


 Бул факт Базар-Коргон РИИБ тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон РИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 


 Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн