Бугу 08, 2024
Убакыт: 06:04
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Опузалап пара алуу көрсөтмөсү боюнча Биринчи май райондук сотунун судьясы кызматтан четтетилди

17.06.2020 16:33
902
Опузалап пара алуу көрсөтмөсү боюнча Биринчи май райондук сотунун судьясы кызматтан четтетилди


Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын берген сунушунун негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Орозбакова Максат Асанкуловна кызмат ордунан убактылуу четтетилди.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысына Тартип комиссиясынын жергиликтүү соттун судьясы Максат Орозбакованы кызмат ордунан убактылуу четтетүү жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу сунуштамасы келип түшкөн.

Буга башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде опузалап пара алуу фактысы катталганы тууралуу көрсөтүлгөн сунуштамасы негиз болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн