Чын курандын 14, 2025
Убакыт: 00:32:03
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Опузалап пара талап кылган эки тергөөчү кармалды

21.04.2021 11:38
1011
Опузалап пара талап кылган эки тергөөчү кармалды

Опузалап пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча Биринчи РИИБнүн тергөөчүсү, лейтенант «А.К.» кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Такталгандай, ал Чүй облусунун Аламүдүн РИИБ кызматкери «Д.Б»менен биргеликте өз кызыкчылыктары үчүн, «М.у.Т.» аттуу жаранга сотко чейинки иш бар деп кысым көрсөтүшкөн.


Бирок, алар ишти оңунан чече албай калышып «М.у.Т.» аттуу жаранга 1500 АКШ долларын кайтарып берүүгө аргасыз болушкан. Калган 500 АКШ долларын кайтарып берүү учурунда, Аламүдүн районунун ички иштер башкармалыгынын улук тергөөчүсү “Д.Б” кармалган.


«Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — деп берилет маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн