Теке 27, 2025
Убакыт: 08:19
USD
87.20
87.70
EUR
101.90
102.90
RUB
1.090
1.130

Ордо оюну боюнча республикалык чемпионат жыйынтыкталып, көчмөндөр оюну үчүн команда тандалды

13.06.2022 09:37
750
Ордо оюну боюнча республикалык чемпионат жыйынтыкталып, көчмөндөр оюну үчүн команда тандалды

Бишкектин Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетинде ордо оюну боюнча өлкө чемпионаты өттү.


Ордо федерациясынан билдиришкендей, чемпионатка өлкөнүн Жалал-Абад, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош, Бишкек шаарларынын курама командалары катышты. Мелдеште командалардын бардыгы бири-бири менен ойноп чыгышты.


Үч күнгө созулган мелдештин жыйынтыгы боюнча 2022-жылдын чемпиону болуп Талас облусунун курама командасы аталды. Экинчи орунду Бишкек шаары, ал эми үчүнчү, төртүнчү орунду Ысык-Көл облусу менен Ош шаарынын ордочулары ээледи.


Чемпиондор жана байге ээлери 1-2-3-даражадагы диплом, медалдар менен сыйланышты.


"Быйылкы чемпионаттын жыйынтыгы менен ордо оюну боюнча Кыргызстандын курама командасы түзүлдү. Алар сентябрь-октябрь айында Түркияда өтүүчү IV Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын намысын коргошот", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн