Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 07:20
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ордуна сквер, балдардын оюн аянтчасы курулат. Бишкекте гараж кооперативдери алына баштады

25.11.2022 10:22
357
Ордуна сквер, балдардын оюн аянтчасы курулат. Бишкекте гараж кооперативдери алына баштады

Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн боюнда жайгашкан №12 гараждык кооперативди демонтаждоо иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, жеринде вице-мэр Нурдан Орунтаевдин жетекчилиги астында Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте иш алып барууда.


Муниципалитеттен белгилешкендей, учурда 4 гараж алынды. Калган гараждардын ээлери объекттерди жеке буюмдарынан бошотууда.


Белгилей кетсек, гараждык кооператив тарабынан муниципалдык аймакты пайдалангандыгы үчүн ижара акысы төлөнгөн эмес.


Эске салсак, жогорудагы жер тилкеге биринчи жолу муниципалдык көп кабаттуу унаа токтотуучу жайды куруу пландалууда. Ошондой эле бул жерде футбол аянтчасы, воркаут аянтчасы, сквер жана балдар аянтчасы курулат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн