Бугу 15, 2024
Убакыт: 13:15
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Оренбург-Бишкек чартердик каттамын уюштуруу маселеси иштелип чыкты

18.05.2020 16:51
794
Оренбург-Бишкек чартердик каттамын уюштуруу маселеси иштелип чыкты


Тышкы иштер министрлиги үстүбүздөгү жылдын 20-майына карата Оренбург-Бишкек маршруту боюнча чартердик каттамды аткаруунун уюштуруу маселесин иштеп чыкты, деп билдирет Республикалык штаб.


Бул авиакаттам КР президентинин жана КР өкмөтүнүн тапшырмасын аткарууда жетишилген эки өлкөнүн жарандарын өз ара колдоо жөнүндө Россия жана Кыргызстандын тышкы саясаттык сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашты.

Бул авиакаттамга отургузуу учурунда кош бойлуу аялдарга, улгайган адамдарга, жаш балдары бар ата-энелерге жана Россиянын медициналык мекемелеринде дарылануудан өткөндөргө артыкчылык берилет.

Кыргызстанга келгенден кийин бардык жарандар белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат. Чет мамлекеттерде, анын ичинде Россияда жүргөн Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иштер туруктуу негизде улантылат, деп кошумчаланат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн