Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 04:31
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Оренбургда 70 кыргыз жараны казак чек арасынын ачылышын күтүп калышты

05.05.2020 14:58
1209
Оренбургда 70 кыргыз жараны казак чек арасынын ачылышын күтүп калышты


Оренбургдун облусунун Соль-Илецк шаарында 70 жаран автоунаалары менен Казакстандын чек арасынын ачылышын күтүп калышты. Бул тууралуу Россиядагы Элчиликтин алдындагы коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө каршы Штабдан билдирди.


Маалыматка ылайык, 5-май күнү Оренбург облусунда 9 автобус уюштурулуп 519 кыргызстандык медициналык кызматкерлердин коштоосунда Россиянын аймагынан чыгып кетишти.


Ошондой эле, Бузулук шаарында турган жарандардын арасындагы кош бойлуу, жашы жете элек жана улгайган 155 адам жогоруда белгиленген автобуска чыккан.


Ал эми Элчиликтин Консулунун жана кыргыз диаспорасынын активисттеринин түшүндүрмөлөрүнө карабай, ал жерде дагы 70 жаран автоунаалары менен Казак чек арасынын ачылышын күтүп калышкан.

 

Ал эми мекенине кайткан адамдардын  автоууналарын убактылуу коюга Соль-Илецк шаарынын Аскердик бөлүгүнүн унаа коюучу жайы акысыз берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн