Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:35
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Оренбургда чек арада турган жарандар Кыргызстанга алып келинет

20.05.2020 18:39
1081
Оренбургда чек арада турган жарандар Кыргызстанга алып келинет


Россиянын Оренбург облусунун Бузулук районунда турган кыргызстандыктардын бир бөлүгүн кайтаруу үчүн чартердик каттам уюштурулду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.


Маалыматка ылайык, жаш балдар, аялдар, кош бойлуу, улгайган курактагы жана ден соолугу начар жарандарды алып келүү каралган.


Мындан сырткары, президент Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин ортосунда жетишилген макулдашуунун негизинде, Оренбург облусунда калган кыргызстандыктарды алып келүү үчүн Казакстандын аймагынан транзиттик коридор уюштуруу маселеси иштелип чыкты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн