Бүгүн, 7-августта Россиянын Оренбург облусунун Оренбург жана Соль-Илецк шаарларынан, ошондой эле Бузулук районунан 43 автобус менен 2456 кыргыз жараны мекенине кайтып келишти. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Тышкы иштер министрлиги коронавирус пандемиясына байланыштуу чет элдик жарандарга Казактанга кирүү чектелгенин эске салат. Россиянын аймагындагы КР жарандарын Россия–Казакстан мамлекеттик чек арасына расмий ачылганга чейин барбоого чакырат.
Ошондой эле, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын чечими менен Россия–Казакстан мамлекеттик чек арасында мекендештердин кезектеги топтолушун болтурбоо үчүн Кыргызстанга Москва, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан туруктуу негизде уча турган чартердик каттамдардын саны көбөйтүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн