Баш оона 21, 2025
Убакыт: 22:26
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Оренбургдан келе жаткандардын үчөөсүн орус тарап, төртөөсүн казак тарап өткөргөн жок, - элчилик

22.05.2020 14:08
1467
Оренбургдан келе жаткандардын үчөөсүн орус тарап, төртөөсүн казак тарап өткөргөн жок, - элчилик


Оренбург облусунун Бузулук районунун кире беришинде топтолгон кыргыз жарандары үчүн автобустар уюштурулуп, Бишкек шаарына жөнөтүлдү. Бул тууралуу Россиядагы Элчиликтен билдиришти.


Маалыматка ылайык, 9 автобус уюштурулуп 417 адам жөнөтүлгөн. Алардын 410у чек арадан өтүп, 3 адамды Россиянын бажычылары өткөргөн эмес. Ал эми дагы 4 адам Тажикстандын жарандары болгону үчүн Казак тарап өткөргөн эмес.


Ошондой эле, 12 айдоочу автоунааларын тралдарга жүктөп, автобустарга түшүп кетишкен. Калган айдоочулар мурунку жашаган жерлерине кайтышкан.


Маалыматка таянсак, Соль-Илецк шаарында жана Бузулук районунда Кыргызстандын жарандары калган жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн