Бугу 12, 2024
Убакыт: 08:11
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Оренбургдан кыргыз жарандары 43 автобус колонна менен келе жатат

05.08.2020 15:34
4401
Оренбургдан кыргыз жарандары 43 автобус колонна менен келе жатат


Россиянын Оренбург облусунан Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштер Кыргызстандын жана Казахстандын тышкы иштер министрликтери тарабынан, Казакстандын аймагы боюнча кезектеги транзиттик коридорду берүү жөнүндө жетишилген сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ишке ашты.

Республикалык штабдан маалымдашкандай, Россиядан Кыргызстандын жарандарын кайтарып алуу бир нече этаптык автобустардын колоннасы менен жүргүзүлөт.

КР жаранынан турган 20 автобус колоннанын биринчи партиясы кечээ күну, 4-августта кечки убакытта казак-кыргыз чек арасынан өткөн, учурда ал Казахстандын аймагында Кыргызстанды карай келе жатканы маалым. Ошондой эле 1356 КР жаранынан турган 23 автобустан турган колоннанын экинчи партиясы бүгүн, 5-августта Казахстан менен Россиянын чек арасынан өтүп, учурда ал Казахстандын аймагында Кыргызстанды карай келе жатканы маалым. 

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Кудайберген
Биздин өкмөттүн акылы болсо, келген автобустарды алып калып шаар ичине бусиктердин оордуна жүргүзсө жакшы болот эле! Элдин үйлөрүнө келгени жакшы???? бирок ошону менен бирге ковиттин саны өзбөсө экен! Баарын апсерватсия аркылуу кылыш керек! А то бир үй-бүлөөдөн 4-5 адам көз жумгандар болууда! Коронавирустан өлгөн атасын майрам-сууга алып, кепиндеп көмгөн үй-бүлөөдө болгон. Ойлонолу туугандар! Жашоо өзүбүзгө керек!
Жыргалбек
Кайсыл куну келишет кыргызстанга так маалыматты кантип билсек болот
Алым
4-август орус-казак чек арасынан өтүп азыр Казакстанда келе жатышса керек
Аты жону
Ошондо баары эле Казахстана баратса кайсы казак кыргыз чек арасынан отту казак кыргыздын откондо кыргызстанга жетмек туурабы