Бугу 19, 2024
Убакыт: 17:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Оренбургдан учаар алдында жасалма паспорт менен кыргыз жараны кармалды

21.05.2020 09:39
968
Оренбургдан учаар алдында жасалма паспорт менен кыргыз жараны кармалды


Россиянын Оренбург шаарынан кечээ, 20-майда чартердик каттам менен учаар алдында жасалма паспорт менен жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы Элчилигинен билдирди.

Алардын маалыматына ылайык, бул боюнча кылмыш иши козголду. Мындан тышкары эки кыргызстандык жаран кош жарандуулук: Кыргызстандын жана Россиянын паспорту менен жүргөнү аныкталып, чек арадан өтө албай калышкан.

КР жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө мыйзамына ылайык, кыргыз жарандарынын суранычы менен Элчилик жарандардын жеке маалыматтарын жарыялоого укугу жок”, - деп кошумчаланат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн