"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын уурдалышы тууралуу жактоочу Таалайкүл Токтакунова социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.
Ага ылайык, Инандыны Бишкекте үч адам уурдаган. Алардын экөө кыргыз болгон.
Инандынын айтымында, аны Бишкекте уурдап жатканда эле оң колун сындырган. Ал мындан сырткары, көптөгөн кыйноолорго туш болгонун айткан. Жактоочу алар тууралуу айтып берерин кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн