Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 06:51
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Орхан Инандыдан кимдер жүзүн үйрүп кетишти?

05.11.2021 11:27
2440
Орхан Инандыдан кимдер жүзүн үйрүп кетишти?


Орхан Инандынын "Синжан" түрмөсүндөгү сүрөтү бул. Абалы бираз жакшы, духу бийик! Бирок сынган колу дале айыкпай жаткандай.

*** *** ***

Мен аны 1995-жылдын жаз айларында көрдүм. Өтө жакшы, күлүп сүйлөгөн арык жигит менден менин өлкөм жөнүндө сурап жатты. Экөбүз балык жыттанган, кымкуут, убакыт арыкта суу сымал аккан Стамбулда чай ичип отурдук. Мага көп нерселерди сүйлөп жатса да, алардын айрымын түшүнсөм, кээ бирин түшүнбөй отура бергемин. Тагдыр кандай гана табышмак. Ошондо ал 27 жылдан кийин уурдалып, колу сынып, Синжан түрмөсүнө камалаарын эч билген эмес.

*** *** ***

31-майдын караңкалгыр түнүндө эстен кетпеген эски досубуз, жөн эле жакшы адам, педагог Орхан Инанды кайсы бир саясаттын сары улагы болуп, садага чабылып кетти. Айтканга оңой. 6 ай 6 жылдай сезилип, эски досубуздун элеси эстен кетпейт. Мени капалантканы, кечээ эле Орхан Инандынын жардамын көргөндөр, скидка сурагандар, бекер балдарын окуткандар, айтор, баары жүзүн үйрүп кетишти.

*** *** ***

Өткөн жумада президент пресс жыйын курду. Ар түрдүү суроолор арасында Орхан Инанды темасы да, козголбой койгон жок. Президент мырза аны бир нече жолу уурдашканын, белгилүү кызматтар куткарып калганын айтты. Бирок, канааттандырган жооп алалган жокпуз. Орхан Инанды ким болгон күндө да, жетекчиси бар өлкөдөн качырылды. Бул айып, бийликтегилердин баарына жетет. Ал Кыргыз жараны экендигин, Түрк паспортун тапшырып берүү үчүн мурда эле арыз жазганын кан какшап атат. Уккан адам жок.

*** *** ***

Өлбөгөн жанга жаз да келет. Кечээ ал кыргыз элине, окуучуларына, досторуна, кесиптештерине салам жолдоптур. Баары жакшы болот, эч ким капаланбасын, мен жакшымын дептир.



Манас Осмон, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн