Тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иштери азырынча ачыкталбайт. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын бардык аймагында Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланып жатат.
“Ички иштер министри Улан Ниязбековдун тапшырмасы боюнча республиканын бардык аймагында дайынсыз жоголгон Орхан Инандынын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча издөө жана иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат. Издөө иштерине ички иштер органдарынын бир миң кызматкери тартылган”, - деп айтылат маалыматта.
Андан сырткары, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында зарыл болгон бардык тергөө амалдары жүрүп жатат.
Кыргызстандык Орхан Инандыны ыкчам-издөө иши боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ИИМ башчысынын көзөмөлүндө.
Эске сала кетсек, Кыргызстандын жараны Инанды 31-майда Бишкекте жоголгон. Милиция "Адам уурдоо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн