"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын уурдалышына байланыштуу кылмыш ишин Аскердик прокуратура карайт. Бул тууралуу анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.
Жактоочунун айтымында, ИИИ ишти алып барууда натыйжасыз иштеген. Ошондуктан бир ай издөөгө карабастан Орхан Инандынын турган жерин аныктай алган эмес.
Мындан ары Орхан Инандынын уурдалышы боюнча ачылган кылмыш иши Аскер прокуратурасы тарабынан иликтенет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн