Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Орхан Инандынын уурдалышы боюнча жаңы маалыматтар. Түркиянын мамлекеттик каналынын версиясы

07.07.2021 10:41
949
Орхан Инандынын уурдалышы боюнча жаңы маалыматтар. Түркиянын мамлекеттик каналынын версиясы


"Сапат" мектептер тармагынын башчысы Орхан Инанды Борбор Азиядагы террордук уюм FETO'нун акчасын башкарган, анын лидерлери менен тыгыз мамиледе болгон жана мүчөлөрүнө мыйзамсыз паспортторду берген. Бул тууралуу Түркиянын мамлекеттик TRT Haber телеканалы билдирди.


Анын айтымында, 1985-1995-жылдары Орхан Инанды жашыруун FETO уюмуна катышып, "куралдуу террордук уюмду түзгөн же жетектеген" деп камакка алынган.


FETO - түркчөдөн "Фетхуллахтын террордук уюму" (Fethullahçı Terör Örgütü) деп которулат. 2016-жылы түрк бийлиги диний ишмер Фетхуллах Гүлендин кыймылын төңкөрүш аракетине айыптап, ал түзгөн институттарды террордук уюмдар деп тааныган.


Түркиянын мамлекеттик каналы Орхан Инанды - жеке шифрленген байланыш аркылуу байланышууга мүмкүнчүлүк берген смартфондун тиркемеси болгон ByLock'тун колдонуучусу экенин маалымдады. Түрк өкмөтүнүн айтымында, ByLock колдонуу Фетхуллах Гүлен кыймылы менен байланышта экендигин далилдейт.


Мындан тышкары, Орхан Инанды Анкарада жүргөндө Түрк куралдуу күчтөрүндөгү качкын делген Адил Өксүз менен жолуккан. Түркиянын чалгындоо кызматтары аны 2001-жылдан ушул күнгө чейин Кыргызстандагы FETO үчүн жооптуу катары иштеп келген деп эсептешет. 2017-жылы Фетхуллах Гүлендин буйругу менен Орхан Инанды Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстанды камтыган аймактын башкы директору болгон. Телеканал муну менен ал Борбор Азиядагы FETO'нун арам акчаларын башкаргандыгын белгилейт. Анын айтымында, "Сапаттын" директору Фетхуллах Гүлендин көрсөтмөсү боюнча уюмдун 25 качкын мүчөсүнө Кыргызстанда башпаанек берип, алар үчүн мыйзамсыз түрдө кыргыз паспортторун алып берген.


Мындан тышкары, Түркиянын атайын кызматтары Орхан Инанды Пенсильванияда (АКШ) жашаган FETO'нун лидерине тез-тез келип турганын аныкташкан.


"Акыркы жолу ал лидерге 2021-жылы мартта барган. Орхан Инанды уюмдун жогорку жетекчилери менен да тыгыз байланышта болуп келгени аныкталды", - деп билдирди Түркиянын мамлекеттик каналы.


Эске салсак, "Сапат" мектептер тармагынын башчысы Орхан Инанды үстүбүздөгү жылдын 31-майында жоголгон. Аны издөөгө Кыргызстандын күч түзүмдөрү тартылып, Интерполго да кайрылышкан.


5-июлда президент Реджеп Тайип Эрдоган мамлекеттик TRT Haber каналынын эфиринде FETO'нун эң жогорку лидерлери деп аталган Орхан Инанды колго түшүрүлүп, Түркияга алып кеткенин жарыялады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн