Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 11:37
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Орхан Инандынын уурдалышына депутат Шайлообек Атазовдун катыштыгы бар экени айтылды

08.07.2021 08:27
940
Орхан Инандынын уурдалышына депутат Шайлообек Атазовдун катыштыгы бар экени айтылды

Түркиянын атайын кызматы тарабынан уурдалган "Сапат" билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инандынын  уурдалышына Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун тиешеси бар болушу мүмкүн. Мындай пикирин Инандынын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова   билдирди. Бул тууралуу ал Башкы прокуратурага жазган арызында айткан.


Токтакунованын айтымында, алар уурдоо болгон күнү Орхан Инандынын унаасындагы видеорегистраторго тартылып калган адамдар кимдер экенин аныктай алышкан.


"Алардын бири төшүндө жазуусу бар, кызгылт сары, дененин өңүндөй түстөгү футболкачан киши Арсен Айылчиев экени аныкталды. Дагы бир кишинин аты, биздин маалымат боюнча, Асылбек деген адам", — деди ал.


Анын маалыматы боюнча, 2021-жылдын 29-апрелинде Арсен Айылчиев соцтүйүнгө адамдардын тобу менен дасторкондо олтурган сүрөтүн жарыялаган. Сүрөттө ал Орхан Инандынын артынан аңдып жүргөндө кийип жүргөн футболкасын кийип түшкөн. Ал эми жанында депутат Шайлообек Атазов отурат.


"Бизде эл өкүлүнүн Орхан Инандынын уурдалышына тиешеси бар болушу мүмкүн деген өтө эле негиздүү шектер жаралды, себеп дегенде ал бир нече күн мурда Түркияда “Жибек Жолундагы жылдын алтын адамдары” сыйлыгынын 17-мааракесинде ал “Жылдын депутаты” деген наам менен сыйланган", — деп жазган Токтакунова.


Депутат өзү Токтакунованын билдирүүсүнө эч кандай жооп айта элек.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Теги Мадумаров жокпу?Адаханды кошо койчу адатынар бар еле.