Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Орхан Инандынын жубайы элчи Ахмет Доган Садыкты сотко берди

27.07.2021 14:44
1043
Орхан Инандынын жубайы элчи Ахмет Доган Садыкты сотко берди

Орхан Инандынын жубайы Түркиянын Кыргызстандагы элчисин сотко берди

Рейхан Инанди Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садик Доганга каршы сотко арыз менен кайрылды. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги юрист Таалайгүл Токтакуновага шилтеме берүү менен жазып чыкты.


Арызда буга чейин Түркиянын дипломатиялык миссиясынын башчысы Орхан Инанды Орто Азиядагы ФЕТОнун башчысы деп айткан жана аны жаман адам деп айтканы жазылган.


«Ахмет Садык Доган менин жолдошум жөнүндө жалган маалымат таратты. Алар бир гана Орхан Инандынын эмес, биздин бүт үй-бүлөбүздүн ар-намысын жана кадыр-баркын жаманатты кылышат. Күнөөсүздүк презумпциясы принцибине ылайык, кылмыш жасаган деп айыпталган ар бир адам сот процесси аяктаганга чейин күнөөсүз деп табылууга укуктуу», - деп айтылат.


Орхандын Инандынын жубайы Бишкек шаарынын Биринчи май сотунан элчинин айткандарын жараксыз жана ар-намыс менен кадыр-баркка шек келтирген деп табууну суранды. Рейхан Инанды ошондой эле Ахмет Садык Доганды туура маалыматты төгүндөөнү милдеттендирүүнү өтүнөт.


Буга чейин Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ахмет Садык Доган Орхан Инанды Кыргызстан үчүн канчалык кооптуу экендигин айтып берген. Ал расмий Анкаранын Орхан Инандынын ишмердүүлүгү жөнүндө Түркиянын ТРТ Хабер мамлекеттик телеканалы берген версиясын кайталады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн