Бугу 11, 2024
Убакыт: 13:19
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Ормон Нурбек уулу, №32 Кочкор бир мандаттуу шайлоо округунан депутаттыкка талапкер: “Элдин жашоосун өзгөртүш үчүн, алардын ой жүгүртүүсүн өзгөртүү керек”

11.11.2021 19:18
2183
Ормон Нурбек уулу, №32 Кочкор бир мандаттуу шайлоо округунан депутаттыкка талапкер: “Элдин жашоосун өзгөртүш үчүн, алардын ой жүгүртүүсүн өзгөртүү керек”


Каарманыбыз – өзү жашаган аймактагы элден жардамын аябаган, жаш болсо да эл үчүн чоң иштерди жасоого үлгүрүп,  асыл максаттарды аркалаган  Ормон Нурбек уулу. Ал өзүнө окшогон жалындуу жаштардан команда курап, кантип кайрымдуулук  фондун түзгөнү туурасында айтып берди. Учурда бул кайрымдуулук  фонду Нарын облусунун инфраструктурасын жакшыртууга чоң салым кошуп келет.

 

Ормон Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кум-Дөбө айылында төрөлгөн. Карапайым үй-бүлөдө чоңойгондуктан, бутуна турганда элине жардам берем деген максаты болгон экен.  26 жашында өзүнүн жердештеринин жашоо-шартын жакшыртуу максатында “Ак-Булут” кайрымдуулук фондун негиздейт.


Алгач кичинекей иштен баштаган. “Өзүм ишкерликке жаңы кадам таштаган ишкер катары өлкөбүздөгү оор кырдаалда четте карап тура алган жокмун. Элдин бири-бирине жардам бергиси келип, идеялары менен бөлүшүп келип жатканын көрүп, кайрымдуулук фонд ачып, колунан келген жардамын бергендерди топтоп, элге жардам кылсак кандай болот деп сунуштап калдым. Ошентип бардык жардамга муктаждарга колубуздан келген жардамыбызды бере баштадык. Аздан баштап, алгач Кум-Дөбө айылынын жолун оңдодук”, - дейт каарманыбыз.

 

“Бизге болгон ишеним арта баштады”


- Башында  биздин, жаштардын жасап жаткан иштерибизге элдин пикири анча эмес болчу. Жада калса жакындарыбыз, жолго кеткен акчага бирөөнүн жашоосун жакшыртса болмок деп чыгышты. Эл деген эл экен, канча адам болсо ошончо пикир дегендей. Атүгүл биздин ишибизге ишенбей, булар пандемиядан пайдаланып алдап кетет деп да ойлошту, ошондуктан кайрымдуулук фондго акча которгулары келген жок. Бирок, биз ишибиз менен көрсөтүп, айылдын жолун оңдой баштаганда, бизге болгон ишенимдери артып, акча которгондордун саны арбый баштады.

 

“Саясатчыларга байланышы бар го деген шек саноолор болду”


- Элди да туура түшүнүү керек. Анткени, буга чейин канча деген саясатчы көп нерсени элге убада кылып, аткарбай койгон учурлары ондоп саналат. Бизге карата “саясатчылар менен байланыштары бар го” деген шек саноолор да болбой койгон жок. Бирок биздин эч кандай партия же саясатчыга байланбаган, болгону карапайым элге жакшылык кылып, жашоо-шартын оңдойлу деген тилегибиз гана болгон.

 

“Жол, жарыктандыруу иштеринен баштадык”


- Аталган кайрымдуулук фонду өзүнүн ишин 2017-жылы эле баштаган. Фонд ачылып, алгачкы эле баштаган иши айылдын жолу эле. Себеби, жолдон унаа жүрмөк турсун, жамгыр жааганда жөө адамдар баса албай калган эле. Биз грейдерлерди ижарага алдык, күйүүчү май менен камсыздай турган демөөрчүлөр менен сүйлөштүк дагы жолду оңдодук. Бул ишти жасагандан кийин, элдин бизге болгон ишеними артып, бизден андан дагы чоң нерсени күтө башташты. Андан кийин айылды жарыктандыруу жана таза суу маселесин колго алдык. Барган сайын жоопкерчилик жана максаттар жогорулай баштады.

    

“Кочкор районунун 8 айылынын көчөлөрүн жарыктандырдык”


- Азыркы тапта Кочкор районунун 8 айылынын көчөлөрүн жарыктандырдык, 20 чакырым жолду оңдодук. 2 ФАПты ичүүчү таза суу менен камсыздай алдык. Нарын району боюнча  Бишкектин “Коопсуз шаар” долбоорундагы камералардай 35 видеокөзөмөл камерасын орноттук. Максатыбыз 2022-жылга карата Кочкор районун коопсуз район кылгыбыз келет. Райондун айылдарынын көчөлөрүн 100 пайыз жарыктандырабыз жана ичүүчү таза суу менен камсыздандырабыз деп турабыз. Анан албетте, бул иштерге жергиликтүү жаштарды жана активисттерди тартабыз. Себеби, жаштар биздин келечегибиз эмеспи.

 

“Катарыбызга 500 жаш активисттер кошулду”


- Пандемия маалында “Ак-Булут” кайрымдуулук фонду Кочкор районунун медициналык мекемесине кызматтык унаа алып берди. Биз негизи көп долбоорлорду баштаганбыз, бирок 2020-жылы пандемия башталганда көбү жабылды. 2021-жылы ишмердүүлүгүбүздү кайра жанданта баштадык. Биздин катарга да көп жакшы адамдар кошулду. Башында 10 адам иштеп келсек, азыр Кочкор району боюнча катарыбызда 500дөй жаштар бар.

 

“Сырттан инвесторлорсуз эле таштандыны кайра иштетүүчү завод куруп жатабыз”


- Азыр биз эч кандай чет элдик инвесторлорсуз эле өзүбүз таштандыны кайра иштетүүчү завод куруп жатабыз. Ал завод бул жылдын аягында бүтүп калат буюрса. Андан сырткары, Кочкор районунун кире беришине флагшток орнотолу деп жатабыз. Көлөмү боюнча Кыргызстанда 2-орунда турат. Бийиктиги 40 метр, ал эми аянты 10-15 метрди түзөт. Бириксек колдон баары келет. Келечекте сүйүктүү районубузду чоң шаарга айлантабыз.

 

“Фонддун ийгилиги үчүн элге ыраазычылык билдирем”


Кайрымдуулук фонддун ийгилиги үчүн элге ыраазычылык билдирем. Анткени, биз флагштокту куруп баштаганда планыбызда кичирээк 10 метрдей кылалы дегенбиз. Биз баштаганда эле  элибиз колдоп,  анын аянтын чоңойтууга жардам беришти. Элден айланса болот, бири цементин алып келсе, экинчиси топурак, кумун көтөрүп келип жатышты. СССР убагында эл өзү  ЧЧК (БЧК) кургандай эле, биздин Кочкор эли да колунан келген жардамын берип кура баштадык.

 

“Айыл аралап көйгөйлөрдү эл оозунан угабыз”


- Райондун көп көйгөйлөрү алаканда эле жатат. Ал эми Кайрымдуулук фонду эл айткан маселелерди чечүүнү колго алып келет. Кээде жөн эле айыл аралап басып, айыл тургандары менен маектешкенде  Өкмөт чечип бербей жүргөн көйгөйлөрүн айтышат. Ушундай көйгөйлөр менен азыр иштеп жатабыз десем болот. Колубуздан келгенинче чечип, чоң көйгөйлөрдү Өкмөткө калтырып жатабыз айла жок. Себеби биз өзүбүз каалап турсак да  Чакан ГЭС кура албайбыз. Мүмкүн 5 жылдан кийин мындай масштабдуу маселелерди чечип калаарбыз.

 

“Мигрант туугандарыбыз өлкөнү өнүктүргүсү келет”


- Мен Европада, Россияда иштеп келдим. Ал жакта иштеген биздин ага-инилерибиз,эже-карындаштарыбыздын баары эле өлкөбүздү өнүктүргүсү келет. Себеби өмүрүнүн баарын ал жакта өткөргүсү келбейт. Биз бул жакта иштеп баштаганда, аларда үмүт пайда болуп, бизге ишенип мигрант байкелер, инилер акчаларын жөнөтүп турушту.


“Ак-Булут” кайрымдуулук фондунун Нарын облусун өнүктүрүү боюнча чоң пландары бар. Бирок ал иштерди орундатуудагы жоопкерчилик тургундардан көз каранды. Элдин жашоосун өзгөртүш үчүн, алардын ой жүгүртүүсүн өзгөртүү керек.

 

***КР №32 Кочкор шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Нурбек уулу Ормондун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сыдыгалиева Насип Шайкеевна тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 438 13.10.2021-ж.)

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Тилек Ашымбекович
Алла ыраазы болсун Ормон. Ынтымак бар жерде ырыс бар. Биз сени мененбиз!
Ашымов Байыш жаасынбекович
Ормон инибиздей Жаштар коп болсун жогору жазылгандан да тышкары спорт тармагында да жаштарга чон салым кылып келет Акбарс спорт клубун тузуп чон спорт клуб ачкан келечекте олимпиада чемпионун болот деген ишенич бар андан тышкары Эр ташмаш боюнча чон промолшундарга да жиберип турат атап айтсак Сингапур шаарындагы Own championship деген уюмана мушкерлерди жиберип баардык шарттарын кылып берген . Алла ыраазы болсун ушундай жаш активдуу патриот жигиттер ге ишенич бар.