Алдыдагы шайлоолордо өлкөбүздү өзгөртүп, элибиздин турмуш жакшырта алабыз деген, буга чейин көпчүлүктүн көзүнө уруна бербеген жаштардын чыгып жатканы абдан кубанычтуу көрүнүш. Алардын бири, №32 Кочкор шайлоо округунан талапкерлигин коюп жаткан Ормон Нурбек уулу. Ага төмөнкү суроолор менен кайрылдык.
— Ормон жаш жигит экенсиң. Саяcатка аттанууңа эмне түрткү болду?
— Саясатка баруу туурасында ойлор мурдагы жылдары келди.
Айрыкча пандемия учурунда саясат боюнча көп ойлондум. Бирок, ошол убакта элибизге каатчылык келип атса, саясат жагын жыйыштырып, жардамга муктаж болуп жаткан элге жардам берүүнүн үстүндө болдук.
2021-жылы көп ойлонуп, барсамбы же барбай эле койсомбу деген эки анжы ойдо жүрдүм. Саясаттын кирин көрүп, ага көңүл жылыбай баргым келген эмес. Таза саясат, таза чечим, таза шайлоо болуп, таза саясатчылар келсе деген жакшы ой бар болчу. 2021-жылдагы тажик-кыргыз чек арасында болгон жаңжал мага чоң таасир этти. Чыр-чатак башталганда эле гумжардам алып жөнөгөнбүз. 25 саатта жеттик, барсак Кыргызстандын абалын көрүп жаным кейиди. Аркы тарапка өткөндө тажиктер 4 айылды талкалашыптыр. 4 айыл биригип, тоонун этегине качып кетишиптир. Мен ал айылдарга киргенде Афганистан эмес Африкага киргендей болдум. Баарыбыз кыргызбыз, кемсинтким келген жок. Бирок, ошондо кандай абалга келип калганыбызды көрүп, өзүмдү-өзүм жемелеп, күнөөлөдүм. Анткени, ал коомдо мен да бармын. Мамлекетимдин ушундай деңгээлге жетип калганына кандайдыр бир деңгээлде менин да күнөөм бар. Ошондон кийин балдар менен ич ара сүйлөшүп, саясатка барып абалды өзгөртпөсөк, мындай абалда кете берсек аягы жакшы болбойт – деген чечимге келдим.
Эгемендигибизди алганыбызга 30 жыл болгону менен, Кыргызстандын эгемендигин толук кандуу көрө элекмин. Аны башка деңгээлге өстүрүү биздей болгон жаштардын колунда.
Мен Өзбекстанга барып калганда, алардын өнүккөнүн-өскөнүн көрдүм. Бизден 10 эмес 35 жыл астыга кеткендей сезилди. Биздин чек арадан өткөндөн кийин алардын бир кулач жери бош эмес, нефтиден баштап, көп нерсе өндүрүлөт. Алардан чыгып, биздин чек арага киргенде кароосуз калган короого киргендей болосуң. Кудай буюрса, ушул бойдон калбай, келечекте Кыргызстаныбызды өнүктүрөлү деген изги тилек менен аламанга бел байладым.
— Эмне үчүн партиядан эмес, округдан чыгайын деп чечтиң?
— Негизи ынтымакташып, биргелешип партия менен чыккан жакшы эмеспи. Бирок азыркы тапта мен ынтымакташа турган партияны көрө алган жокмун. Мына жигердүү жаштар чыгып келе жатат, бирок өткөн шайлоолордо кандай ыплас иштер болгонун баарыбыз көрбөдүкпү. Кудайым буюруп, элим колдоп берсе, мен да күчүмдү сынап чыксамбы деген оюм бар болчу. Себеби, элге өзүңдүн керт башың менен сөз берип, ошол сөздү аткарып кетүү алда канча оңой. Партияларга болсо ар кандай кызыкчылыктагы адамдар кирет экен мага жакканы да, жакпаганы да кирет. Алар үчүн эртеңки күнү эл алдына жооп бериш оңойго турбай калат. Элимдин астында жүзүм жарык болуш керек. Шайлоого чыгып, платформамды түшүндүрүп, программам менен тааныштырып, айткан сөздөрүмдү элим колдосо, берген убадаларымды 5 жылдыкта жыйынтыктап чыксамбы деген оюм бар.
— Жаш туруп шайлоого кете турчу көп каражатты кайдан тапты? Бул жигиттин артында ким турат? - деген суроолор пайда боло баштады...
— Көпчүлүгү эле каражатка кызыгып, Ормондун артында кайсы чиновник же ишкер турат? - деп жатышпайбы. Кыргызстандын саясатында дайыма артында 2-3 салмактуу кишилер туруп, куурчакты башкара турган адамдарды көрүп көнүп калышкан. Ал ойду өзгөртүп, билимдүү, тажрыйбалуу, иштин көзүн билген, жигердүү жаштарга орун бериш керек. Артымда эң биринчи Кудайым бар, анан мени колдой турган элим бар. Мен бирөөнүн акчасына же саясаттагы салмагына таянып, чыгып жаткан жокмун. Таза ой, таза иш менен элиме ак кызматымды кылып берейин, жашообуздун оңолушуна тырмактай болсо да салымымды кошоюн деп чоң саясатка аттандым. Коомдо калыптанып калган, акчага сатылуу же бир нерсени даярдап берүү деген кемтик ойлордон алысмын жана жаңы системага өтсөк деген оюм бар.
— Баалаган саясатчың ким?
— Бизде саясатта такшалгандар абдан көп. Бирок, шайлоого байланыштуу аттарын атабай турайын. Ал эми дүйнөлүк саясатты алганда Германиянын мурунку канцлери Ангела Меркелдин ишмердүүлүгүн баалайм. Канча жыл башкарды. Европанын локомотиви деп эсептелген килейген Германияны башкарып, дүйнөлүк платформага чыккан мегамасштабда ойлонгон, мегамасштабда пландап иш жүргүзгөн айым. Бул адамды көп жеринен бааласа болот, анткени көп убакыт аралыгында Германияны башкарып, дүйнөдөгү салмактуу саясатчылардын сап башында турду. Биринчи келген маалындагы Германиянын абалы менен ал кызматтан кетип жаткандагы Германиянын абалын карап эле ал айымдын кандай иштегенине баа берүүгө болот. Биз андан үйрөнүшүбүз керек. Бир эле Ангела Меркель эмес, дагы көп мыкты саясатчылардын ишмердүүлүгүн карап, жакшысын өзүбүзгө сиңирип алып иш алып барсак Кыргызстаныбызды өнүктүрө алабыз.
— Сен чыгып аткан округдан тез арада чече турган кандай көйгөйлөрдү көрө алдың? Жогорку Кеңешке келсең, биринчилерден болуп кайсы көйгөйдү көтөрөт элең?
— Келе калып эле асмандагы айды алып берем, же көйгөйлөрдү тез эле чечип салам дегенден алысмын. Бизде көйгөй абдан көп. Ар бир айылда толгон-токой көйгөйлөр бар. Кыргызстан агрардык мамлекет болгондуктан биринчи кезекте биз дыйкандардын жана карапайым калктын маселесин чечкенге аракет кылабыз. Депутат десе эле, кайсы бир көйгөйдү өзүнүн чөнтөгүнөн каражат чыгарып чечип берет деген түшүнүктөн алыс болушубуз керек. Депутат элдин көйгөйүн жогорку бийликке жеткирип, ошол жерде көйгөйлөрдү чечтире турган элдин өкүлү десек болот. Бир маселе же бир көйгөй деп айтсак аздык болот. Мен чыгып аткан №32 округда 3 район бар. 3 районду бири-бирине салыштырганга болбойт. Анткени, Кочкор, Ак-Талаа менен Жумгал райондору үчөө үч башка чөлкөмдө турат. Ар бирөөнү бөлүп карабай чогуу караган ката.
Азыркы тапта мамлекеттин абалына жараша иш кылышыбыз керек. Мисалы, дыйкандарга жеңилдетилген ссудаларды берүү. Буга чейин бир топ долбоорлорду көрдүк. Башы жакшы башталып, аягына чыкпай калат. Себеби, ал көйгөйлөр үстүрт айтылып, аягына чыкпай калган. Шаарда туруп алып, пайызы аз насыя ж.б.у.с. куру убадаларды берүү менен маселе чечилбейт. Биз ошонун жерине барып, дыйкандар, малчылар менен баарлашканда гана көп маселени чече алабыз. Кыргызстанда, бизде маселени чечүү оңой, аягына жетем деген ниет менен иш кылыш керек. Көпчүлүк учурда бул жерде өзүн мактап, популисттик кадамдарга барып атышат.
***КР №32 Кочкор шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Нурбек уулу Ормондун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сыдыгалиева Насип Шайкеевна тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 438 13.10.2021-ж.).
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн