Жаран Темирлан Ормуков Дастан Бекешевдин (Октябрь району) депутаттык мандатын чакыртып алуу боюнча коомдук комиссия түзүү демилгесин көтөрүүдө. Бул тууралуу ал 7-июлда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Ормуков Бекешевди жоопко тартуу үчүн колунда фактылар бар экенин, бирок бул үчүн аны депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу керектигин айтууда.
Ормуков ошондой эле 2016-жылдан бери Бекешев менен урушуп жүргөнүн айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн