Бугу 05, 2024
Убакыт: 18:54
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ороктогу жаңы стадион коррупция менен күрөштөн түшкөн каражатка курулууда, - Ташиев

05.04.2024 17:04
183
Ороктогу жаңы стадион коррупция менен күрөштөн түшкөн каражатка курулууда, - Ташиев


Орок айылындагы жаңы стадиондун курулушуна коррупция менен күрөштөн түшкөн каражаттан 21 млн доллар бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге билдирди.

“Биз 12 чоң стадионду оңдоп, калыбына келтирип, эки жаңы стадион курабыз. Мунун баары биздин спортчуларга, спорт күйөрмандарына мыкты шарттарды түзөт. Белгилүү болгондой, негизги каржы булактары Салык жана Бажы кызматтарынын линиялары боюнча келет, бирок акыркы жылдары президенттин тапшырмасы менен уюшкан кылмыштуу топторго, коррупцияга, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча бир топ иштер жүрүп жатат. Жогорудагы аталган кылмыштарга каршы күрөштөн түшкөн каражаттар багытталчу фонд бар. Бүгүнкү күндө “Бишкек аренанын” курулушун жүргүзө турган компаниянын эсебине аталган фонддон 21 млн доллар которулду. Эгер алар дагы каражат керек дей турган болсо, бөлүп беребиз. Бизде каражат бар”, - деди Ташиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн