Жогорку Кеңештин "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Орозайым Нарматова бүгүн, 14-январда ЖАМУнун ишмердүүлүгүнүн алкагында УКМКга сурак берип чыкты.
Депутат айым өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу ЖАМУнун ишмердүүлүгү адилеттүү иликтенишине үмүт кыларын, бирок ишенбей турганын билдирди. "Мен дипломумду мыкты деген баа менен алганмын, аны эки жолу шайлоого катышканымда БШК "лупа" менен текшерип алган. Ошондо дагы менин дипломума, жарандыгыма асылышып, "Бүтүн Кыргызстан" партиясын шайлоодон четтетүүгө аракет кылышкан", - деп билдирди ал.
Пикирлер (1)