"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова кайсы кылмышка шектелип жатканы тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Сейитбек Довлотов билдирди.
“Нарматова менен телефондон сүйлөшкөнгө үлгүрүп калдым. Ал “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык таштаган” деген күнөөнү коюп жатат” деди. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрүнөн сурасам тапшырма Бишкектен келген экен. Кечээ Бишкектин Биринчи май райондук соту Орозайымдын жанындагы буюмдарды алып текшерүү тууралуу токтом кабыл алыптыр”, - деди Довлотов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн