Теке 03, 2024
Убакыт: 12:20
USD
85.90
86.80
EUR
92.00
93.00
RUB
0.960
1.000

Орозо айында кан тапшырууга болот, - КМДБ

01.05.2021 12:27
964
Орозо айында кан тапшырууга болот, - КМДБ


Орозо айында кан тапшырууга болот. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлү Бактияр Тотогазы уулу билдирди.


"Эгер кимдир бирөө Орозо учурунда кан тапшырууну кааласа, анда ал орозосун бузбайт", - деди ал.


Бактияр Токтогазы уулу кошумчалагандай, кан тапшыруудан мурун медициналык кызматкерлер менен кеңешүү сунушталат.


Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги Баткен облусунун жана Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарында жабыркагандар үчүн жетиштүү көлөмдө кан жана анын компоненттери бар экендигин билдирди. Бирок каалоочулар кан тапшыра алышат. Алар Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспектиси, 60 дареги боюнча Республикалык кан борборуна кайрылышса болот.


Борбор дүйшөмбү - жума күндөрү саат 8.00дөн 14.00гө чейин, ишемби күнү саат 8.00дөн 11.00гө чейин иштейт. Сиздин жанында паспортуңуз, айдоочулук күбөлүгүңүз же аскердик билетиңиз болушу керек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн