Орозо туткан 8-класстын окуучусу турникке тартынып жатып каза болду. Бул тууралуу өзбек басылмалары билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя Ташкент шаарындагы мектептердин биринде болгон.
8-класстын окуучусу турникке тартынып жатып кулап түшүп каза болгон.
Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында баланын кан тамырларында кан уюп калганы аныкталган.
Ошондой эле бала ачкалыктан улам башы айланып кулаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн