Бугу 08, 2024
Убакыт: 19:10
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Орозова: Баткенге барганда жаңы курулган үйлөргө эмес, курула элек үйлөргө да баргыла

30.09.2021 10:54
870
Орозова: Баткенге барганда жаңы курулган үйлөргө эмес, курула элек үйлөргө да баргыла

Баткенде чек арадан жабыркаган үйлөрдүн курулушу бүтпөй калышы мүмкүн. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова билдирди.


Анын айтымында, бийлик үйлөрдүн курулушун тездетпесе, үйлөр кышка чейин бүтпөй калышы мүмкүн.


"Баткенге барганда жаңы курулган үйлөрдү эмес, курула элек үйлөргө да баргыла. Абалын көргүлө. Чек арадагы үйлөр авариялык абалда турат.

Баткендин башчысы убагында бүтөт дейт. Бирок аба-ырайы тууралуу маалымат түшүп жатат. Мындай болсо ошол жердеги элге кыйын болот. Ал жерде жашоо шарты оор",- деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн