Орто-Токой суу сактагычынан бир жарым миң метр браконьердик тор чыгарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдирди.
Маалыматка таянсак, 3-августтан баштап "Орто Токой Ынтымагы" жоопкерчилиги чектелген коому Орто-Токой суу сактагычындагы браконьердик торлорду тазалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат.
Иш-чаранын жүрүшүндө жалпы узундугу 1500 метрди түзгөн 15 даана браконьердик торлор алынып, бардык торлор утилизацияланган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн