Кулжа 22, 2025
Убакыт: 10:51
USD
87.20
87.70
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

Ортобоз айылынын тургунун үйүнө учак ракетасы түшкөн

02.05.2021 13:55
809
Ортобоз айылынын тургунун үйүнө учак ракетасы түшкөн


Бүгүн Ортобоз аймагында Акатыр айылдык кеңешинин Ортобоз айылынын тургунунун үйүнө тийген учак ракетасы табылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.


Маалым болгондой, ал 29-апрелде Баткен районунун Төрт-Көчө жана Чир-Дөбө аймактарында "Ми-24" тик учагында тажик аскер кызматкерлери тарабынан жасалган аба чабуулу учурунда үйгө түшкөн. Аба ракетасы иштебей калгандыктан, үйдө жашаган үй-бүлө жабыркаган эмес.


Учурда окуя болгон жерде тергөө тобу иштеп жатат.


2-май саат 13:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн