Ортопедиялык патология бар жарандар вакцина алууга болот. Бул тууралуу Медицина илимдеринин доктору, профессор, БТОИИБнин директордун орун басары Исаков Бакытбек айтып берди.
«Тубаса ортопедиялык потология эненин ичинде түйүлдүк чоноюп жетилип жатканда ички тышкы кандайдыр бир себептердин таасиринен, колдун буттун сѳѳктѳрүнүн, кандайдыр бир омуртка жамбаш сѳѳктѳрүндѳ туура эмес ѳнүгүү пайда болот. Ошол учурда бала ортопедиялык патология менен тѳрѳлѳт. Он сегиз жашка чейин ошол ортопедиялык патология менен жашайт. Он сегиз жаштан кийин алар эмдѳѳ алууга болот. Эмдѳѳ эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу брифингде Медицина илимдеринин доктору, профессор, БТОИИБнин директордун орун басары Исаков Бакытбек билдирди.
Анын айтымында, ортопедиялык патологиянын экинчи түрү, жаракат алып учурунда дарыгерге кайрылбай же туура эмес дарылангандын кесепетинен пайда болот.
Ал ортопедиялык патологиясы бар жарандар да вакцина алууга болоорун баса белгиледи. Адатта бейтап жаңы жаракат алган учурда дарыгерлердин жана медицина кызматкерлеринин баардык күч аракети жаракат менен күрѳшүүгѳ жумшалат. Ошол себептен бейтаптын ахыбалы турукташкан учурда вакцина алууга болот.
Брифингдин соңунда Исаков Бакытбек Кыргызстандын бардык жарандарын эмдѳѳгѳ чакырды, жамааттык иммунитетти пайда кылуу менен коомдо коопсуздукту камсыздайбыз.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн