Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 00:42
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Орус армиясы Днепр дарыясынын сол жээгине көчүрүлөт

10.11.2022 09:08
513
Орус армиясы Днепр дарыясынын сол жээгине көчүрүлөт

Россия Федерациясынын армиясы Херсон облусунда Днепр дарыясынын сол жээгине өткөрүлөт. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары кабарлады.


"Учурдагы кырдаалга ар тараптуу баа берүү менен Днепр дарыясынын сол жээгинде коргонууга өтүү сунушталууда. Мен бул оор чечим экенин түшүнөм. Ошол эле учурда биз аскерлердин өмүрүн жана аскер топторунун күжүрмөн даярдыгын сактап калабыз. Мындан тышкары, күчтөрдүн жана каражаттардын бир бөлүгү чыгарылат, алар операция активдүү жүрүп жаткан башка аймактарга жөнөтүлөт", — деди орус армиясынын биргелешкен тобунун командири Суровикин.


Командир Херсон жана ага чектеш аймактардагы тургундардын жашоосу кыйындап баратканын жана өмүрү коркунучта экенин кошумчалады. Ал Украинанын куралдуу күчтөрү Каховка дамбасын аткылоону улантып жатканын, бул чоң жоготууларга алып келе турган суу ташкынын болтурушу мүмкүндүгүн айтты.



Суровикин каршылаш тарап аймактагы мамлекеттик мекемелерге, мектептерге, ооруканаларга жана башка социалдык маанилүү объектилерге сокку уруп жатканын белгиледи. Аймактан учурда 115 миң киши коопсуз жайга чыгарылган.

Ал РФ аскерлери душмандын чабуул коюу аракеттерине майнаптуу каршылык көрсөтүп жатканын кошумчалады. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн