Бугу 15, 2024
Убакыт: 06:10
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду "Жыргалаңга" 1,7 млн доллар жеңилдетилген насыя бөлгөн

14.08.2023 12:08
369
Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду "Жыргалаңга" 1,7 млн доллар жеңилдетилген насыя бөлгөн


Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду «Бизнес Инвест Компани» ЖЧКсына жабдууларды жана атайын техникаларды сатып алууга 1,7 миллион доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлдү. Бул тууралуу фонддон билдиришти.


Фонд долбоордун максатын Ысык-Көл облусундагы ири Жыргалаң кенинде көмүр казууну кайра баштоо деп атады.


«Бул акчага биз биринчи кезекте Россиядан техникаларды заказ кылдык, кенчилердин кийимдеринен тартып конвейерлерине чейин Россия Федерациясынан фонддун эсебинен заказ кылынган», - дейт «Бизнес Инвест Компани» ЖЧКсынын башкы директору Кубатбек Керимов.


Кен 1959-жылы иштетиле баштаган, анын запасы 18 миллион тонна катуу отунга бааланат. 2012-жылдын сентябрь айында ишканада өрт чыгып, иш токтоп калган.


"Кен 11 жыл иштебей турган, бирок президенттин буйругунан кийин аны ишке киргизүүгө даярдай башташты. Биз буйруктун аткарылышына салым коштук", - дейт өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков. Анын айтымында, долбоор импортту алмаштырууну камтыйт жана 126 жумушчу орун түзүлөт.


"Бул участокту 2017-жылы суу каптап кеткен. Дренаждык системалар атайын долбоорлонуп орнотулган, алар сууну маал-маалы менен чыгарып турат. Буга чейин 2,5 миң метр куб суу чыгарылып, ылайлар чыгарылды. Каракол ЖЭБине 2 миң тонна жеткирилген», - деди Новиков.


Кендин аймагында үч шахта бар - Борбордук, Батыш жана Чыгыш аймактарында. 2022-жылдын май айында «Бизнес Инвест Компани» ЖЧКсы Чыгыш блогунда даярдык иштерин баштаган. Ишкана кирүүчү жолдорду оңдоп, электр чубалгыларын тартып, азыр нөөмөт лагерин куруп жатат. Ошол эле учурда шахтада суткасына 100—120 тонна көмүр казылып алынууда. Келечекте анын өндүрүштүк кубаттуулугу жогорулап, жылына 50 миң тонна көмүрдү түзөт, деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн