Бугу 09, 2024
Убакыт: 08:32
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду жаңы долбоорлорду каржылоого 630 млн доллар бөлөт

30.06.2023 15:57
525
Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду жаңы долбоорлорду каржылоого 630 млн доллар бөлөт


Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду жаңы долбоорлорду каржылоого 630 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу анын жетекчиси Артем Новиков билдирди.


Анын айтымында, фонд 2023-2027-жылдарга стратегияны бекитти.


Артем Новиков кошумчалагандай, 8 жыл ичинде фонд Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан ар кандай долбоорлорго 520 миллион доллар инвестиция салган.


Фонддун алдында Кыргыз Республикасынын экономикасын модернизациялоо жана технологиялык жактан кайра жабдуу боюнча жаңы масштабдуу милдеттер турат.


«Салттуу каржылоодон тышкары, биз өнөр жай, агроөнөр жай комплекси, энергиянын кайра жаралуучу булактары, логистика, IT-инфраструктура жана башка чөйрөлөрдөгү стартап-долбоорлорду каржылайбыз, ошондой эле ресурстарыбызды кыйла жеткиликтүү жана өлкөнүн рыногунда суроо-талапка жооп бере турган жаңы кредиттик продуктыларды иштеп чыгабыз", - Артем Новиков билдирди.


Ал стратегияны ишке ашыруу беш жыл ичинде фонддун карызгерлери өндүргөн экспорттун көлөмүн 1,2 миллиард долларга көбөйтөт деп эсептейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн