Бугу 13, 2024
Убакыт: 10:44
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси алмашты

18.03.2021 19:45
696
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси алмашты

Нурлан Мамытов Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу  өкмөттөн билдирди.


Премьер-министр Улукбек Марипов Орус-кыргыз Өнүктүрүү Фондунун Уставынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык кызматтан алуу жөнүндө буйрукка кол койду.


Бул кызматка Азиз Аалиев дайындалды. Буга чейин ал аталган фонддун башчысы болуп иштеген.


Мамытов фонддун башчысы болуп былтыр октябрь айынан бери иштеп келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн