Бугу 20, 2024
Убакыт: 18:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Орус тили боюнча кечирим сурап, чөк түшүп, жүгүнүп жатып калышты...

28.11.2020 11:30
878
Орус тили боюнча кечирим сурап, чөк түшүп, жүгүнүп жатып калышты...

Конституциянын Преамбуласы (киришүү)  бул анын өзөгүн түзөт, ошол Башмыйзам кимдер тарабынан, кандай максатта кабыл алынып жатканын тастыктайт. Преамбулада МАМЛЕКЕТТИН ЖҮЗҮ көрсөтүлөт. Канча жылдан бери  улутчулбуз дегендер, мекенчилбиз дегендер  Кыргыз Республикасына  УЛУТТУК ЖҮЗ берүү, анын УЛУТТУК МАМЛЕКЕТ экендигин тастыктоо маселелерин талкуулап, ооздорунан далай көбүк чачыратып келишкен эле.... Азыр  Конституциялык Кеңешме деген жыйынды ошолордун бир тобу отурат, бирок дым чыгарышпайт.  Ошол жерге кошулгандарына корстон... Кече  орус тилинин расмий статусу жөнүндө сөз айта коюшуп кайра чок баскандай секиришти, ак чөп башта деп кечирим сурап, чөк түшүп, жүгүнүп жатып калышты... Улутчул-мекенчил болбосоңор баракелде дегенден башка айла жок...  


Мындан бир топ күн мурда ошол Преамбуланын долбоорун сунуш кылдым эле, Кеңешменин мүчөлөрүнө да жөнөттүм, бири үн катпайт.  


Менин сунушум - Преамбула төмөнкүдөй жазылышы зарыл:


Биз, Кыргыз эли,

• эгемендүү улуттук  мамлекет идеясын туу тутуп,

• улуттун сакталып калышын жана  өнүгүшүн камсыз кылууну, улуттук рухту жана ар-намысты бийик көтөрүүнү  максат кылып,

• улуттук салтты, наркты жана дөөлөттөрдү ыйык тутаарыбызды билдирип,

• ата-бабалардын биримдикте, тынчтыкта жана ынтымакта жашагыла деген осуяттарын  эске алып,

• кыргыз эли менен бирге Кыргызстан элин түзгөн бардык этнос өкүлдөрүнүн мүдөөлөрүн коргоо милдетин өзүбүзгө алып, биримдикте, бакубат жана бейкут жашоону камсыз кылууга белсенип,

• адам укуктары менен эркиндиктерин, жарандык жана саясий укуктарды коргоо кепилдигин ырастап,

• дүйнө элдеринин арасында татыктуу орун табууну аруу тилек кылып,


Кыргызстан элин  түзгөн бардык этнос  өкүлдөрү менен  бирдикте Кыргыз Республикасынын ушул Конституциясын жалпы элдик добуш менен кабыл алабыз.  


 Ошондой эле Конституцияда:


Кыргыз Республикасы  – улуттук мамлекет экендиги, ал Кыргыз Элинин кылымдар бою аздектеп келген улуу тилегине ылайык, кыргыздардын эл катары сакталып калуусун жана улуттук өнүгүүнсүн камсыз кылуу, улуттук рухту жана ар-намысты бийик көтөрүү максатында түзүлгөндүгү, Кыргыз Республикасынын ички жана сырткы саясаты ушул улуу максатка баш ийдирилип  жана аны турмушка ашырууга багытталып жүргүзүлө тургандыгы так жазылып туруусу зарыл. 

 Кыргыз Республикасында кыргыз элинин улуттук өнүгүү кызыкчылыгына жооп бербеген, улуттук нарк жана дөөлөттөргө туура келбеген иш аракеттерге жол берилбеши шарт. 


Россиянын Президенти В.Путиндин акыркы жылдардагы сөздөрүн окусаңар Россия мамлекетине, анын ички түзүмүнө карата мына ушул эле ойлор камтылганын көрөсүңөр.


Эмилбек Каптагаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн