Россия менен Украинанын делегациясы бүгүн, 3-мартта сүйлөшүүлөрдүн экинчи раундун өткөрөт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары билдирди.
Орус делегациясын жетектеген Владимир Мединскийдин маалыматына караганда, сүйлөшүү Беларусь-Польша чек арасында Беловежск аймагында өтөт.
Сүйлөшүүлөрдүн экинчи раундунда Украинадагы ок атууну токтотууга байланыштуу эки тараптын талаптары талкууланат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн